sandyk
RU EN KY

Баалуунун баары — сандыкта

Сүрөт, видео, файлдар жана байланыштар булутта: биздин серверде, досуңуздукунда же үйүңүздө. Телефон бошойт, кайталангандар кетет, түп нускалар ар дайым колуңузда.

App Storeжакында Google Playжакында
Sandyk белгиси: оюу менен алтын сандык

Кайталангандар жана сериялар

Бирдей көчүрмөлөрдү жана бир учурдун окшош сүрөттөрүн таап, эң жакшысын калтырат. Калганы бир басуу менен кетет.

Бош орун

Серверде ишенимдүү сакталган түп нускаларды телефондон алып салса болот. Галереяда кичирейтилген көчүрмөлөр калат, толук сүрөт басканда ачылат.

Учтан учка шифрлөө

Сүрөттөр жөнөтүлгөнгө чейин телефондо шифрленет. Сервердин ээси аларды сактайт, бирок көрбөйт. Бардык түзмөктөр жоголсо да, аккаунт аркылуу кирүүнү калыбына келтирсе болот.

Жөнөтүүнүн ордуна шилтеме

Сүрөттү, альбомду же папканы шилтеме менен бөлүшүңүз, кааласаңыз сырсөз менен. Жүктөө шилтемеси тескерисинче иштейт: башкалар сизге файл жөнөтөт.

Байланыштар

Дарек китебиңиздин серверде көчүрмөсү жана кайталанган байланыштарды бириктирүү: бир адам — бир карточка.

Бир нече сервер

Бир китепкана бир эле учурда бир нече серверде жашай алат: күзгүдөй, үлүш менен бөлүнүп же биринен кийин бири толуп.

Өз сервериңиз

Sandyk сервери ачык жана NAS, үй компьютери же VPS'те бир буйрук менен иштейт. Биринчи катталган колдонуучу администратор болот.

  • Ак IP керек эмес: сервер биздин relay аркылуу интернеттен жеткиликтүү, трафик сиздин серверге чейин шифрленген бойдон калат.
  • Өз дискиңизде, S3'тө же SFTP аркылуу сактоо.
  • Home Assistant үчүн кошумча бар.
docker run -d --name sandyk \
  -p 8080:8080 -v sandyk-data:/data \
  ghcr.io/keremet-dev/sandyk-server