sandyk
RU EN KY

Колдоо

support@sandyk.app дарегине жазыңыз: телефондун модели, тиркеменин версиясы жана эмне болгону. Кыргызча, орусча жана англисче жооп беребиз.

Көп берилген суроолор

Сүрөттөрүм кайда барат?

«Жөндөөлөрдө» туташтырган серверге: биздикине, досуңуздукуна же өзүңүздүкүнө. Бир нечесин туташтырып, китепкананы алардын арасында кантип бөлүштүрүүнү тандасаңыз болот.

Түп нускаларды телефондон алып салдым. Сүрөттү кантип кайтарам?

Китепканада ачыңыз: толук нускасы серверден жүктөлөт.

Эмне үчүн iPhone'до орун бошогон жок?

iOS өчүрүлгөн сүрөттөрдү 30 күн «Жакында өчүрүлгөндөр» альбомунда кармайт. Аны «Сүрөттөр» тиркемесинде тазалаңыз, орун дароо бошойт.

Телефонумду жоготтум. Сүрөттөр жоголобу?

Жок, алар серверде. Жаңы телефондо кириңиз. Шифрлөө күйүк болсо, ачкыч Sandyk аккаунту аркылуу калыбына келет.

Өз серверимди кантип орнотом?

NAS, компьютер же VPS'те бир Docker буйругу менен же Home Assistant кошумчасы катары. Ак IP керек эмес. Кененирээк: «Өз сервериңиз».

Аккаунтту кантип өчүрөм?

«Жөндөөлөр → Аккаунт → Аккаунтту өчүрүү». Кененирээк — купуялык саясатында.